Жаңылыктар

Толук айыл өкмөтү кызматкерлерди кабыл алат!

Толук айыл өкмөтү кызматкерлерди кабыл алат!

Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү “Мамлекеттик жарандык жана кызмат,муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык бош ваканттык орундар жана кадрлар резервин түзүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына сынак жарыялайбыз! - кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт; - улук административдик мамлекеттик кызмат орундары - кенже кызматтардагы кеминде бир жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш стажы; - башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары - улук кызматтардагы кеминде үч жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде беш жылдык иш стажы; Төмөнкүдөй адамдар мамлекеттик кызматчы боло алышпайт: - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбагандар; - 21 жашка толо электер; - соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылгандар, болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катарында ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматтын айрым кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынгандар; - мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу барлар; - ошол административдик кызмат оруну үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кызматка кабыл алууну жүргүзүп жаткан тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тиешелүү квалификациялык талаптарга ылайык келбегендер. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөгөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөгөн эркек жарандар укук коргоо жана прокуратура органдарына мамлекеттик кызматка кире алышпайт. Мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар адам, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик кызматта боло албайт. Кесиптик билим деңгээли: - Жогорку билим, бардык багыттар боюнча. - Компьютерде иштей билүү. Сынакка катышуу үчүн керек болгон документтер: - Жеке арызы; - Кадрларды эсепке алуу баракчасы; -Сүрөт 3х4 өлчөмүндө 1 даана; - Резюме (электрондук почтасы жана контактык телефон номери көрсөтүлүүсү керек) -Паспорттун же инсандыгын күбөлөөчү башка документтердин көчүрмөсү -Зарыл кесиптик билиминин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтеринин көчүрмөсү (нотариалдык турдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган) -Өмүр баяны: -Иш кагаздары кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнку дарек боюнча кабыл алынат: Токтогул району, Толук айыл өкмөтү,Алмалуу айылы, Эстебес көчөсү №13, тел:0708324997. -Квалификациялык, функционалдык милдеттер жөнундө толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган. -Берилген талаптарга жооп берген жарандарга сынак өткөрүү убактысы менен орду жана башка маалыматтар электрондук почталарына кошумча билдирилет.

  

Кароолор (18)