Жаңылыктар

Кыргызстандагы окуучулардын күнүмдүк тамактануусуна айран кошулду

Кыргызстандагы окуучулардын күнүмдүк тамактануусуна айран кошулду

Кыргызстандагы 124 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары активдүү өсүү мезгилинде жергиликтүү өндүрүлгөн айран аркылуу керектүү азыктарды алышат. 

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билидргендей, бул мүмкүнчүлүккө МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында жетүүгө мүмкүн болду. 

Жергиликтүү өндүрүшүнөн сатып алынган жалпысынан 141 миң литр айран 4 аймактагы башталгыч мектептерге таратылат: 

Чүй облусунда 19 мектеп, 
Жалал-Абад облусунда 26 мектеп, 
Ош облусу боюнча 64 мектеп, 
Баткен облусунда 15 мектеп. 

Ар бир кыргызстандык окуучу күн сайын 40 граммдан дени сак өсүү үчүн кальцийдин, бифидобактериялардын жана башка белоктордун булагы болгон айран алат. 5 жылдын ичинде «Билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы жергиликтүү кефир өндүрүүчүлөр менен биргеликте 400дөн ашык мектепти айран менен камсыздоону көздөп жатат. 

2022-2023-окуу жылында программанын биринчи агымындагы 124 мектеп азык-түлүктөн тышкары, мектептердин ашканаларын оңдоп, окуучуларга ысык тамак даярдоо үчүн жаңы жабдууларды ала алышат. Ошондой эле программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептерде суу, санитария жана гигиена инфраструктурасын калыбына келтирүүдө. Мындан тышкары, мектеп жамааты жана ата-энелер балдардын рационун, ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окуулардан өтүшөт. 

  

Кароолор (4)